Быйыл Нарын шаардык мэриясы тарабынан республикалык бюджеттин түрткү берүүчү грантына 8 долбоор сунушталып, алардын ичинен үч долбоор колдоо тапты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы билдирди.
Мунун негизинде Нарын шаарындагы №4-«Наристе-Нур», №14-«Бактылуу балалык» балдар бакчаларынын имараттарынын жана №2-В. П. Чкалов орто мектебинин спорт залынын капиталдык ремонт иштери башталды.
Учурда №4-«Наристе Нур» бала бакчасында ремонт иштери кызуу уланууда. Долбоордун жалпы суммасы 2 миллион 461 миӊ 356 сомду түзɵт. Мунун ичинен республикалык бюджеттен каржыланганы 1 миллион 947 миӊ 706 сом болсо, жергиликтүү бюджеттен 513 миӊ 650 сом бɵлүнүп берилген.
Белгилей кетсек, бул каражатка имараттын чатыры, терезе-эшиктери алмаштырылып, сырты жаӊыртылып, айланасы тосулмакчы.