Бишкек. 12. 06. 2018. Govori.TV
Бүгүн Бишкек-Нарын–Торугарт автожолун реконструкциялоо иштеринен үнɵмдɵлгɵн акча каражатынын эсебинен Нарын шаарындагы үч кɵчɵнүн 2,5 километр жолуна асфальт тɵшɵɵ иши башталды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы билдиришти.
Мунун негизинде Нарын облустук ооруканасынын тɵрɵт үйүнɵ барчу 450 метр жол, Турдубаев кɵчɵсүндɵгү 600 метр жол жана С. Орозбаков кɵчɵсүндɵгү Ак-Мɵɵр кɵчɵсүнɵн Андабеков кɵчɵсүнɵ чейинки 1 километр 100 метр жол толугу менен асфальтталат.
Курулуш иштерин «Жагалмай» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдɵ.
Учурда тɵрɵт үйүнɵ барчу жолго асфальт салууга даярдалууда.