Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымындагы курулуш иштерине байланыштуу жабылды.
«Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет», — деп айтылат маалыматта.