• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарында мал базардын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат

4 Бугу 2018 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.05.2018. Govori.TV

Нарын шаарында тургундарды турак- жай менен камсыз кылуу максатында 5 кабаттуу 4 корпустан турган  80 квартиралуу турак жай курулат. Бул тууралуу Govori.TVнын аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, бул маселе Нарын шаардык кеңешинин XV сессиянын жүрүшүндө Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө күн тартибинде каралган.

“Жеке ишкер Самат Калидулдаев Нарын шаарындагы Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 4005 чарчы метр аянтындагы Нарын  мал базарынын ордуна Нарын шаарынын тургундарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 5 кабаттуу 80 квартиралуу турак жай салуу милдети өзүнө алган. Бул турак-жайлардын 1 чарчы метри 380-450 долларга чейин бааланаары да маалым болду”,-дейт биздин кабарчы.

Эске сала кетсек, Нарын облусунда акыркы жылдары көп кабаттуу үй куруу иштери токтоп турат.

 

Количество просмотров: 35