• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарында жактоочумун деп жарандан 6 миң доллар алган адам кармалды

15 Жалган куран 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан И.к.С. аттуу жалган-жактоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө И. к. С. өзүн жактоочу катары тааныштырып, Нарын областынын соту тарабынан анын тууганына карата оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, алдоо жолу менен И.Г.С. аттуу жарандын 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, И. к. С. адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги такталган. 

Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга жогоруда аталган жалган-жактоочунун катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 151