Бүгүн 6-декабрда Казакстан менен Кыргызстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүштү деп кабарлады Акордонун пресс-кызматы.
Өлкө башчылары эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашкан.
Жээнбеков менен Назарбаев 2-декабрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары кол койгон Жол картасынын маанилүүлүгүн белгилешти.
Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге чегарадагы күчөтүлгөн текшерүүнүн алынганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле эки президент жакынкы жолугушуулардын жана кыргыз президентинин Казакстанга сапарынын графигин талкуулашкан.