• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Назарбаевдин күйөө балдары ээлеген кызматтарынан бошотулду

15 Үчтүн айы 202218:10 Бишкек Govori.TV

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын жолдошу Кайрат Шарибаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан четтетилди.

Ошондой эле Наразбаевдин кенже кызы Алия Назарбаеванын жолдошу Димаш Досанов «КазТрансОйл» ишканасынын жетекчилигинен кетти.

Количество просмотров: 377