Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалков Евразия киноакадемиясы менен киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Ал Бишкек шаарында өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга катышууда.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетикалык жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу болуп жатат.