• Бейшемби 28 Тогуздун айы 2021

Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды

14 октября 2021 в 12:07 Бишкек Govori.TV

Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

«Такталган маалымат боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнуна чейинки аралыкта Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 млн 43 миң 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган. 2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 71