• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноокатта 15 жаштагы бала аттан жыгылып каза болду

26 Жетинин айы 202513:45 Бишкек Govori.TV

Ноокатта 15 жаштагы бала аттан жыгылып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 2010-жылы туулган А.У. аттуу өспүрүм аттан жыгылып, каза болгон абалда 103 кызматы аркылуу Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилгени тууралуу кабар берилген.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун жакындары соттук экспертизадан жана арыз жазуудан баш тартышкан

Количество просмотров: 88