• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Ноокатта селден жабыркагандарга казак элинен гумжардам келди 

1 Теке 2024 9:53 Бишкек Govori.TV

30-июнда саат 22:30да Казакстандан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна конду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Гуманитардык жардамдыКазахстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын директору А.Токанов коштоп келди.

Ош аэропортунан аны Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана башкалар тосуп алышты.

Селден жабыркагандар үчүн келген гуманитардык жардамдын курамында турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөр бар.

Количество просмотров: 171