• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 68 куткаруучу жана 18 техника тартылды

3 Теке 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июлга карата Ноокат районундагы селдин кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 68 куткаруучу жана 18 атайын техника тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жергиликтүү элге суу жеткирүү максатында 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа, Жарандык коргонуу кызматтарынан 51 техника, 77 жумушчу тартылып, кечиктирилгис жумуштар жүрүүдө.

Мындан сырткары, Кулатов жана Көк-Жар айыл аймактарындагы айылдарга ӨКМден 5 өрт өчүрүүчү унаа, Кызыл-Кыя шаардык коммуналдык кызматынан 1 суу ташуучу унаа (водовоз) менен жергиликтүү элге турмуш-тиричилигине пайдаланууга таза суу ташылып берилүүдө.

Учурда Ноокат районунун Абшыр-Ата, Тескей-Кожоке, Найман, Жийде, Фрунзе, Жандама, Дөң-Кыштак жана Катта-Тал айылдарында сел суусу менен агып келген бак-дарактардан, көчө, ички жолдорду, арыктарды жана короолордогу ылай топурагынан тазалап, калыбына келтирүү иштери аткарылууда.

Иштерди жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов жана Эделбек Кулматов координациялоодо.

Количество просмотров: 78