• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ноокенде үй күйүп, эркек кишинин сөөгү табылды

28 Кулжа 202210:16 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй күйүп кетти. Кырсыктан бир адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришет.


Маалыматта Коминтерн айылындагу турак үйлөрдүн биринде 27-июнда өрт чыкканы кабарланат. Кырсыктын кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1973-жылы туулган А.Н. аттуу жарандын сөөгү табылды.


Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын кошумчалашат мекемеден.

Количество просмотров: 170