• Шаршемби 26 Кулжа 2024
  • Среда 26 Июнь 2024

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

18 Кулжа 2024 12:27 Бишкек Govori.TV

Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июнга карата жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жарандык коргоо (ЖК) кызматтары тарабынан такталып, келтирилген материалдык чыгымдар эсептелинүүдө.

Жалпы ЖК кызматтарынан жана куткаруучулардан турган 150 адам, 12 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин алып барышууда. Ал эми эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

Белгилей кетсек, 17-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрүп, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин жана 5 турак жайдын ичине сел суусу кирген. Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылында 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу баланы сел агызып, каза болгон. 1 турак үй авариялык абалга келип, сел болгон аймактан 300гө жакын турак үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында ушул эле күнү саат 23:30да Бишкек – Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылган. Сел суусу кирген 5 турак үйдүн ичи сел калдыктарынан толук тазаланган.

Количество просмотров: 53