• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевди шайлады

26 Кулжа 202417:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевди шайлады.

Парламенттин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына бекиткен.

Мелис Тургунбаев 1982-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган.
• 2002-жылы — Финансы министрлигинде жетектөөчү адиси;
• 2006-2008-жылдары — «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын маркетинг жана реклама бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2008-2015-жылдары — «Газпром нефть Азия» ЖЧКнын рынокту анализдөө жана баа түзүү бөлүмүнүн жетекчиси;
• 2013-2017-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү;
• 2017-2020-жылдары — «Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы;
• 2020-жылы «Кыргызнефтегаз» ААК башкармалыгынын төрагасы;
• 2023-жылдын мартынан тартып — жаратылыш, экология жана технгикалык өзөмөл министри.

Количество просмотров: 120