• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноорузга карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

14 Жалган куран 2023 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө жалпы жети оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Экинчи лига:
«Ак-Суу» жана «Аккула» — 0:2;
«Кара-Балта» жана «Тянь-Шань» — 5:0;
«Көк-Жал» жана “Ак-Илбирс» — 3:1;

Биринчи лига:
«Ысык-Ата» жана «Ачы» — 2:1;
«Кемин» жана «Саякбай-Ата» — 3:0;
«Жаштык» жана «Өзгөн ынтымагы» — 5:4;
«Бишкек Четинде» жана «Бакай-Ата» — 3:2.

Бүгүн, 14-мартта оюнга чыга турган курама командалардын тизмеси:

Саат 9:00-9:55 — «Теңир-Тоо» — «Сары-Өзөн Чүй» (40 жаш);
Саат 10:00-10:55 — «Жалал-Абад » — «Жети дубан» (40 жаш);
Саат 11:00-11:30 катышуучулардын парады:
Саат 13:00-14:30 «Сары-Өзөн» — «Ак-Шумкар» (жогорку лига);
Саат 14:30-15:25 «Ардагерлер» — «Ысык-Көл» (40 жаш);
Саат 15:30-16:25 «Сары-Өзөн Бишкек» — «Талас» (40 жаш);
Саат 16:30-17:25 «Ош шаары » — «Суусамыр» (40 жаш).

Количество просмотров: 95