Кырсыктын айынан көк бөрүнү жок кылганга аракет кылган күчтөр бар. Мындай пикирин бүгүн ЖК жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.
“Мындай өлүм-житим, тилекке каршы, бардык эле спортто болуп турат. Кырсык экен да… Күнөөлүүлөрдү жазалап, оюнду кайра уланта беришибиз керек”, — деди депутат.
Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, оюнчу менен калыс камакка алынган.