• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Новиков: Өкмөт башаламандык болуп кетсе чара көрүүгө даяр

10 Үчтүн айы 2021 13:39 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков добуш берүүгө келди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, Артем Новиков Бишкек шаарындагы № 122 Атайы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратындагы № 1102 шайлоо участогунда добуш берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Новиков өкмөт башаламандык болуп кетсе чара көрүүгө даяр экенин билдирген.

«Башаламандык болбойт деп ишенем, себеби мыйзам бузуулар көп эмес. Билдирүүлөрдүн ар бири боюнча тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИИМ бардыгын текшерип жатат. Өкмөт өз кезегинде болжолдуу чагымчылдыктарга даяр», — деп билдирген Новиков.

Количество просмотров: 142