• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Новопавловка айыл аймагындагы 18 гектар айдоо жер трансформацияланды

28 Бештин айы 2021 15:05 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. 

Аталган чечим Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган.

«Новопавловка айыл аймагында № 484 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18 га айдоо жери социалдык мекемелерди куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын)»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 237