• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нур-Султан шаарында Назарбаевдин жаңы музейи ачылды

14 Тогуздун айы 2020 18:18 Бишкек Govori.TV

Нур-Султан шаарында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге арналган музей ачылды. 40 миң чарчы метрди ээлеген музейдин имараты Назарбаев борбору деп аталган мурдагы президенттин китепканасынын жанына курулган.

Казакстандын баш калаасында буга чейин да Назарбаевдин музейи болгон. Ал шаардын эски бөлүгүндөгү президенттин алгачкы резиденциясынын жанында жайгашып, 12 миң чарчы метр аянтты ээлеген. Андагы экспонаттар Акордо имаратына жакын жайгашкан жаңы музейге көчүрүлдү.

Музейдин курулушу 2018-жылы башталган. Курулуш иштерин биринчи президенттин фондунун буйрутмасы менен «Сембол Улусларарасы Ятырым Пейзаж Иншаат Туризм Санайи ве Тиджарет Аноним Ширкети» компаниясы аткарды. Бул компания буга чейин Нур-Султандагы Тынчтык жана ынтымак сарайын, Эгемендүүлүк сарайын, Назарбаев университетин, бир нече стадионду, президенттик мейманканаларды, «Хазрет Султан» мечитин жана Улуттук китепкананы курган.

Курулушу жайында аяктаган Назарбаевдин музейинин расмий ачылышы 30-сентябрда өттү. Ал дүйшөмбүдөн башка күндөрү түшкү тыныгуусуз иштейт, көрүүчүлөр үчүн кирүү акысыз. Музейдин холлунда гранит плитага Назарбаевдин 2016-жылы Вашингтондо өткөн өзөктүк коопсуздук боюнча саммитте айткан цитатасы жазылган.

Музей жети көргөзмө жана экспозициялык залдан турат. Алардын ар биринде өзүнчө суюк-кристалл экрандар, голограммалар, touch-мониторлор, электрондук карталар, 3D-композициялар, инсталляциялар жана пикир калтыруучу интерактивдик медиа-такталар бар. Дээрлик ар бир экранда Назарбаевдин сүрөттөрү менен видеолору көрсөтүлүп турат.

Мамлекеттик мекеме болуп эсептелген Назарбаев китепканасынын жетекчилиги музейдин курулушуна бюджеттен акча коротулбаганын билдирди. Ошол эле маалда ал каражат кайдан алынганын айткан жок.

Эл аралык укук корго уюмдары Нурсултан Назарбаевди авторитардык башкаруусу, саясий атаандаштарын куугунтуктоосу жана адам укуктарын бузуусу үчүн сындап келишет. Казакстанда анын ысымы баш калаага, аэропортко, университетке, мектептерге, облус борборлорундагы негизги көчөлөргө, сейил бактарга жана спорттук имараттарга ыйгарылган. Мындан тышкары бир катар шаарларда, анын ичинде Нур-Султанда эстеликтери тургузулган.

Количество просмотров: 102