• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нурсултан Назарбаев учурда кайда экени айтылды

8 Үчтүн айы 202214:41 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

«Назарбаев Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп жатат. Ошондой эле консультациялык жолугушууларды өткөрүп, башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө», — деп жазды Айдос Укибай.

Буга чейин «Orda.kz» жалпыга маалымдоо каражатынын башкы редактору Назарбаев кыздары менен чогуу Казакстандан чыгып кеткенин билдирген.

Количество просмотров: 5552