• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Нуржигит Кадырбеков каратэ федерациясынын президенти болуп дайындалды

21 Үчтүн айы 2019 17:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын “Сётокан” Каратэ-до International Улуттук Федерациясынын президенти болуп шайланды.

Нуржигит Кадырбеков өзүнүн программалык сөзүндө ушул жылы Чехияда өтө турчу дүйнө чемпионатында өлкөбүздүн атын татыктуу көргөзүү жоопкерчилиги турганын айтып, — “Биздин машыгуу залдарыбыз кара курдун ээлерин гана эмес, руханий-интеллектуалдык жактан мыкты, коомго үлгү болчу инсандарды тарбиялашы керек” деп баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын “Сётокан” Каратэ-до International Улуттук Федерациясы Эл аралык «Шотокан» каратэ-до SKIF International Федерациясынын лицензиясын алган жана жыл сайын аккредитациядан өтүп турат.

Федерацияны акыркы эки жыл бою К. А. Токтосартов КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматына дайындалганга чейин жетектеп келди.

Количество просмотров: 24