Алдыңкы IT иштеп чыгуучулардын катарын толуктагың келеби – анда максатыңа жет! О! Мобилдик оператору менен DevCats компаниясы «Intern Labs 5.0» корпоративдик программасынын алкагында акысыз окууга чакырат.
Эгер бул чөйрөдө базалык билимиңиз болуп, аны тереңдетүүнү жана кыялыңыздагы жумушта иштөөнү максат кылып келсеңиз, анда сизге мындай мүмкүнчүлүк берилет, колуңуздан чыгарып жибербеңиз!
Backend Developer деген ким?
Backend Developer – бул программалоо тилдеринин (Java, C#, Python, JavaScript, C++ жана башкалардын) жардамы менен сайттарды, оюндарды, компьютердик программаларды, мобилдик тиркемелерди жана веб-сервистерди иштеп чыгуучу адис.
Талапкерлерге коюлуучу талаптар:
Окутуу кандайча өтөт?
Курсту КРнын мыкты иштеп чыгуучулары – бир гана теория эмес, практика боюнча дагы чеберлер алып барат. Окутуу жумасына 3 күн 2 сааттан Бишкектин борборунда орун алган жайлуу кеңседе онлайн жана офлайн форматта өткөрүлөт. Курстун мөөнөтү – 6 ай. Сизди үч ай бою практика менен коштолгон теорияны базалык окуп-үйрөнүү күтөт. Акыркы 3 айда реалдуу долбоорлорго катыша аласыз.
Натыйжада эмнеге ээ болосуз?
Курсту аяктагандыгыңыз жөнүндө сертификат аласыз, ал эми мыктылардын мыктыларына — компаниялардын биринде иштөөгө чакыруу берилет. Сиз үчүн IT дүйнөсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан акысы жогору беделдүү адистикке ээ болуудан артык нерсе болбосо керек.
Кантип катышса болот
Алгач internlabs.o.kg шилетемеси боюнча катталыңыз, сизге нускамалар менен биринчи тесттен өтүү үчүн шилтеме жиберилет.
Баарыңыздарды ийгилик коштосун жана коддун күчү колдосун!
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Материал жарнамалык негизде чыгарылды.