О! компаниясында иштеп чыгуучу болуу – бизнес менен керектөөчүлөрдү канааттандырган чечимди издөө маданиятында, жөнөкөйлөштүрүлгөн иерархия менен чечимдердин эркиндигинде иштөө, кесиптик өнүгүү үчүн баалуу тажрыйбага ээ болуу жана күн сайын миллиондогон кишилер колдонгон өнүмдөрдү жаратуу.
О! иштеп чыгуучуларынын башчысы Владислав Ромахов ири компаниядагы кесиптештери кызыктуу кандай нерселер менен алектенсе боло тургандыгы тууралуу айтып берет.
Биз бардык адистиктер үчүн кызыктуу жумуштарды табабыз, анткени кандай гана бизнес болбосун 100% автоматташтырууга карай бара жатат. 15 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде компания балдарга ар кандай багыттарда иштеп чыгуулар боюнча абдан көп кызыктуу жумуштарды табууга убада бере ала турган деңгээлге чейин жетти.
Уюлдук оператордо иштеп чыгуу кызматы – бул телекомго гана байланыштуу жана иштеп чыгуунун өзү тууралуу аз эле нерсе камтылгандыгы жөнүндө пикир тараган. Бирок чындыгында мындай эмес жана О! операторунда компаниянын спецификасын эске алуу менен нөлдөн баштап иштелип чыккан көп сандагы тутумдар бар.
Азыркы тапта компанияда өзү иштеп чыккан тутумдары менен вендор тутумдарынын ортосунда синергия түзүлгөн, маселен, эл аралык стандарттарга жооп берген биллингдик тутум* бар. Бул абоненттерге кызмат көрсөтүүдө каталарга туруктуулуктун жана ийкемдүүлүктүн максималдуу деңгээлин камсыздоо максатында жасалган.
Ал эми биздин «кардарларыбызга» – бир гана компаниянын абоненттери эмес, анын ичиндеги бөлүмдөрүбүз дагы кирет:
Булардын баары иштеп чыгуунун жардамы менен мүмкүн, андыктан телеком-оператордун иштеп чыгуулары түрдүү багыттарда болот:
Атмосфера
Биздин команда позитивдүү жана ынтымактуу, анда өз ара баарлашуу жана тажрыйбалар менен бөлүшүү, тапшырмаларды бирге аткаруу сыяктуу жакшы аракеттер бар. Жетекчилердин баары – максималдуу адекваттуу балдар, алар да иштеп чыгуучулар, ошондуктан кызматкердин кошкон салымын туура баалап, экспертизалай алышат, маселени чечүүгө катышат, кызматкердин ордуна иштеп коюуга, жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө даяр. Бардык деңгээлдеги жетекчилерге ар кандай маселелер боюнча кайрылса болот.
Биздин командабызда ишке аралашуу жана айланасындагы адамдар менен мамиле түзүү абдан маанилүү. Өнүгүүгө жана башкалардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө ниет болушу керек. Ал эми талапкердин юмордук сезими жакшы болсо, анда ал түз эле бизге келиши керек.
Иш-аракеттерде эркиндик
Зарыл болгон учурда кызматкерлер аралыктан иштей алышат, бирок адаптациялануу мезгилинде кеңседе иштөөлөрү шарт. Кеңседе, аралыктан же гибриддик режимде иштөөнүн ыңгайлуулугу жана натыйжалуулугу боюнча маселени жетекчи менен чечип алса болот.
Бизде кызматкерлердин жүргөн-турганы, аткарган иш-аракеттери мүнөт сайын текшерилип турбайт. Биз башка кишилерге ишенебиз, ал эми маанилүү деп эсептелген башкы көрсөткүч – сапаттуу жана өз убагында жетишилген натыйжа.
Эгерде жеке иштери менен кармалуу, эрте кетүү же шашылыш иштерин бүтүрүш үчүн жумуш күнүн колдонуу зарылдыгы келип чыкса, жетекчи дайыма түшүнүү менен кабыл алууга аракет кылат.
Бизге кошулуңуздар!
ИТ-департаменттин командасында 100дөн ашуун кызматкер эмгектенет. Бирок бизде «наполеондун пландары» бар, андыктан О! иштеп чыгуу, маалымат тутумдары жана берилмелер базасы багыттарындагы адистерди: QA-инженерлерди, продакттарды, бэкенд-, фронтенд-, мобилдик иштеп чыгуучуларды, DevOps-инженерлерди ж.б. өз командасына чакырат.
Командага кире турган адистер:
Жайлуу жана ынтымактуу командада иштеп, өз чөйрөңүздө өнүгүүнү кааласаңыз, анда бизге кошулуңуз. Резюмеңизди [email protected] почтасына жибериңиз.
Ишке жаңыдан киришип жаткандарга биздин internlabs.o.kg сайтыбыздагы кулактандыруулар менен таанышып турууну сунуштамакчымын – жыл сайын жайга жакын акысыз стажировкага кабыл алабыз. Ал жерден ийгиликтүү талапкерлердин пикирлерин жана тандоого кантип даярдануу керек экендиги тууралуу маалыматтарды табууга болот.
Талапкерлерге каалоом – Силерди коддун күчү колдосун!
*биллингдик тутум – көрсөтүлгөн кызматтарды эсепке киргизүүнүн, аларды тарифтөөнүн жана төлөөгө эсептерди берүүнүн автоматташтырылган тутуму.
**утилита – башка программаларды колдонууну, компьютерде иштөөнү жеңилдеткен сервистик программа.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Материал жарнамалык негизде чыгарылды.