О! Мобилдик оператору бүтүндөй өлкө боюнча түйүндүн камтуу аймагын жана сыйымдуулугун кеңейтүү багытында пландуу иштеринин жыйынтыктарын жарыялады.
Өзгөчө басым өлкөнүн башкы курорттук областына – Ысык-Көлгө жасалды. Себеби жайкысын туристтердин негизги агымын Ысык-Көл кабыл ала турганы баарыбызга маалым. О! абоненттери кайда жүрбөсүн – Ысык-Көлгө карай жолдо, пансионатта же пляжда жүрсө да — дайыма байланышта болуп, эс алуудан көз ирмемдер менен бөлүшө аларын, ал тургай аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билишет. Жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнүн жана учурда иштеп жаткан жабдуулардын кубаттуулугун көбөйтүүнүн натыйжасында кийинки шаарлар менен айылдарда маалымат өткөрүүнүн сапаты жогорулады:
Кыргызстандын түрдүү көлдөрү менен капчыгайларын кыдырып чыгуу максатында өлкөнүн ар тарабына да көптөгөн туристтер барышат. Кыргызстандын негизги транспорттук артерияларынын бири болуп эсептелген жана стратегиялык маанидеги «Бишкек-Ош» жолун эле алып көрөлүчү. О! техникалык командасы бул аймакка да барып, Суусамыр өрөөнүндөгү, Чычкан капчыгайындагы, ошондой эле Жалал-Абад областынын автожолунун тилкесиндеги сигналдын сапатын жакшыртуу иштерин жүргүздү. Ошондой эле, мындай иштер төмөнкү калктуу пункттарда да аткарылды:
Чүй областы: Бишкек, Кара-Балта, Токмок шаарлары, Аламүдүн капчыгайы, «Ак-Бата», «Акыл-Ордо» конуштарынын аймагы, Орто-Сай, Романовка, Учкун, Камышановка, Жаңы-Пахта, Военно-Антоновка, Кош-Коргон, Новопавловка, Үч-Эмчек, Таш-Башат, Төмөнкү Ала-Арча, Садовое, Маевка, Сүймөнкул Чокморов а., (Чоң Таш), Ак-Жол, Шалта, Милянфан, Новопокровка, Эпкин, Васильевка, Суусамыр, Тунук, Люксембург, Буденовка, Студенческое, Кызыл-Октябрь, Алтымыш, Новое, Кызыл-Туу, Ленинское, Гроздь, Тегирменти, Кайыңды, Александровка, Беловодское, Чалдыбар, Ивтановец, Ивановка, Туз, Чоң-Даалы, Жайылма айылдары;
Талас областы: Бейшеке, Кара-Сай, Ак-Башат, Бакай-Ата айылдары;