• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

О! оператору катталбаган телефондор боюнча абалга түшүндүрмө берет

16 Баш оона 202410:20 Бишкек Govori.TV

Байланыш борборуна келип жаткан массалык нааразылыктарды эске алып, О! мобилдик оператору катталбаган түзүлүштөрдүн мобилдик түйүндөргө кирүүсүнүн бөгөттөлүшү мобилдик байланыш операторлору тарабынан эмес, маалымат базасы улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (КР УКМК) карамагындагы Мамлекеттик коопсуздук системасы тарабынан ишке ашырылып жатканын маалымдайт.

Мобилдик оператордун SIM-карталары иштеген абалда калат жана номериңиз катталган бардык түзүлүштөрдөн колдонула берет. Бул үчүн SIM-картаңызды IMEI-коддору МИСте катталган башка мобилдик телефонго салыңыз.

Телефонуңуздун МИСте катталганын *5656# буйрутмасын терүү аркылуу «Мой О!» тиркемесинен же www.imei.kg сайтынан текшере аласыз.

Эгерде каттоо процессинде кыйынчылыктар жаралып жатса, телефонуңуз менен паспортуңузду алып, O!Store дүкөндөрүнүн бирине кайрылсаңыз, кызматкерлер маселени чечүүгө жардам берет.

Дүкөндөрдүн даректери менен ostore.kg сайтынан таанышып чыгыңыз.

Количество просмотров: 185