• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ойлон Кэмп кыргызстандыктарды адам укуктарын жаңы форматта окууга чакырат

9 Кулжа 202214:48 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын июль айында Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын активисттери жана чыгармачыл адамдары үчүн уникалдуу иш-чара өтөт. Уюштуруучулар катышуучуларды 15-июнга чейин арыз берүүгө чакырат. Сынактын 50 жеңүүчүсү үчүн «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен эл аралык жана улуттук эксперттер менен бирге окуу жана саякат акысыз болот.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Ойлон Кэмп адилеттүү коом үчүн өз үнүн издөөдө жигердүү кыргызстандыктар үчүн аянтча. Лагердин катышуучулары бири-бирин шыктандырып, ой жүгүртүп, чыгармачыл идеяларды жана тажрыйбаларды бөлүшүшөт. Бардык иш-чаралар кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

«Ойлон Кэмп ар бир катышуучунун жашоосунда баалуу окуя болот, мен буга эч кандай күмөнүм жок. Бул өсүү, өзгөртүү, жаңы байланыштарды жана социалдык капиталды куруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы терезеси» — дейт, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева.

Иш-чаранын негизги максаты — жарандык, адам укуктары жана коомдук жыргалчылык жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу. Мындан тышкары, ар бир катышуучу социалдык маанилүү контентти түзүүнүн жаңы ыкмаларын ачат.

Сынакка катышуу үчүн 15-июнга чейин oilon.soros.kg сайтында кыргыз же орус тилдеринде анкетаны толтуруу керек. Сынактын катышуучусу видеобилдирүү аркылуу үч суроого жооп бериши керек деген шарт, эң негизги талап болуп эсептелет. Эң мыкты 50 арыз видео анкетанын негизинде тандалат.

Ойлон Кэмптин катышуучуларын сөз эркиндигин, чыгармачылыкты, пикирлерди, адам укуктарын илгерилетүү боюнча эл аралык тажрыйба менен таанышуу күтөт. Мындан тышкары, маалыматты креативдүү көрсөтүү, активдүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүнө аралашуу, жарандык коомду өнүктүрүү үчүн маанилүү жана актуалдуу темаларды лекциялар жана талкуулоо боюнча иштеп жаткан укук коргоо уюмдары, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин кызыктуу жана чыгармачыл адамдары менен мастер-класстар уюштурулат.

Количество просмотров: 78