Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитети “Мамлекеттик тилдин колдонулушу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карады.
Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова долбоордогу талкуу жараткан жоболордун бири окуучулар бир класстан экинчи класска өткөндө кыргыз тилинен милдеттүү түрдө жазуу жана оозеки сынактарды киргизүү сунушу болгонун белгиледи.
Депутат Дастан Бекешев бул токтомду жокко чыгаруу керектигин айтты.
Талкуунун жүрүшүндө комитет мүчөлөрү бул норманы мыйзам долбоорунан алып салуу чечимине келишти. Анда жалпы билим берүү уюмдарында — милдеттүү тартипте жазуу жана оозеки түрүндө
класстан класска көчүрүү, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында —
кирүү жана бүтүрүүчү сынактар, ал эми баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында
— кыргыз тили боюнча сынактар киргизилери жазылган болчу.