Сузактагы унаа сүзүп кеткен окуучунун абалы туруктуу деп билдирди Октябрь айылдык ооруканасынын врач-трамватологу Өмүрзак Боронов.
9-класстын окуучусу Болотбек уулу Амандын апасы Аида Бекташованын айтуусунда уулу кечки 8де досторуна чыгып кеткен, кийинчерээк ата-энесине телефон чалышып уулу жол кырсыгына кабылганын билдиришкен. Окуучуга 2 саат операция жасалган. Врач Бороновдун айтуусунда окуучу баш-сөөк трамвасын алган, сөөгү сынып, ички органдары жабыркаган. “Азыр абалы туруктуу. Наркоздон өзүнө келишин күтүүдөбүз. Андан соң бутуна операция кылууну ойлонуп жатабыз”-деди врач.
Жалал-Абад ИИБнин билдирүүсүндө унаа сүзгөн жер Сузак районунун Кара-Чолок айылында. 9-класстын 5 окуучусу мончого баруу үчүн жол четинде турушкан. Бул учурда Казарманга бара жаткан “ВАЗ 2121 Нива” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып окуучулар турган жол четине чыгып кеткен. Сүзгөн соң айдоочусу кырсык болгон жерден из жашырган. Унаанын сүзүүсүнөн улам жеринде 9-класстын окуучусу М.Барсбек каза тапкан. Анын классташы Болотбек уулу Аман айылдык ооруканага жеткирилген. Үч окуучу качууга жетишкен.
Оперативдик-изилдөө иштеринен соң айдоочунун өздүгү такталды. Ал Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну, 1980-жылкы Р.Б болуп чыккан. Балдарды сүзгөн соң ал унаасын катуу үчүн үйүнө келген. Тергөө тобу унааны карап көрүп протокол түзүп, айып унаа жайына токтотту. Айдоочуну издөө иштери улантылууда.
Каза болгон М.Барсбектин атасы Россияда иштеп жүргөн, апасы иштечү эмес.
Маалымат булагы: turmush.kg