Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн бир окуу жылынын ичинде нормативдик тартипте 30 календардык каникул күнү каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалымдалгандай, мурунку окуу жылдарында мектептерде бир окуу жылынын алкагында үч каникул мезгили белгиленчү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген иштебеген майрам күндөрү эсепке албаганда, күзгү каникул болжол менен 9 календардык күн, кышкы каникул — 12 календардык күн, жазгы каникул — 9 календардык күн болгон.
Ал эми 2026-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 4-июнундагы №111 Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодекси мыйзамдуу күчүнө кирди. Анын 66-беренесине ылайык январь айында (1-январдан 6-январга чейин) жана май айында (1-майдан 8-майга чейин) эки узак мөөнөттүү иштебеген майрам күндөрү белгиленген.
Мындан тышкары, аталган Эмгек кодексине ылайык 7-январь, 5-май жана 9-май да иштебеген майрам күндөрү болуп эсептелет. Эгерде 10–11-январь жана/же 10–11-май дем алыш күндөрүнө туура келсе, анда кышкы каникулдун жана май айындагы майрам күндөрүнүн жалпы узактыгы 12 календардык күнгө чейин жетиши мүмкүн.
«Аталган нормалар мектептик билим берүү системасына да колдонулат. Ушуга байланыштуу жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жыл сайын каралган үч каникул мезгилинен (күзгү, кышкы жана жазгы) тышкары, 1-майдан 10-майга чейинки иштебеген майрам күндөрүндө да окуу процессинен бошотулууга тийиш. Ошентип, бир окуу жылындагы каралган жалпы 30 календардык каникул күнүнүн 24 календардык күнү иш жүзүндө январь айындагы кышкы каникулга жана май айындагы иштебеген майрам күндөрүнө туура келет.
Демек, калган 6 календардык каникул күнү күзгү (ноябрь айы) жана жазгы (март айы) каникулдарга бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бул окуу графигин түзүүдө жана каникулдардын белгиленген узактыгын сактоодо тийиштүү түрдө эске алынууга тийиш. Окуу жумаларын каникулдар ортосунда тең салмактуу бөлүштүрүүнү сактоо максатында 2025/2026-окуу жылында күзгү каникул 2025-жылдын 5-ноябрынан 9-ноябрына чейин (дем алыш күндөрүн кошкондо 5 календардык күн), ал эми жазгы каникул 6-марттан 8-мартка чейин (дем алыш күндөрүн кошкондо 3 календардык күн) болуп белгиленди», — деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин кабарлангандай, окуучулардын бул жолку жазгы каникулу ишемби менен жекшемби кундү кошкондо 3 күнгө созулуп, 6-7-8-март күндөрү сабактар болбойт. Окуу процесси кайрадан 9-марттан тартып кадимки тартипте улантылат.