Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Париж Олимпиадасындагы алгачкы атаандашы америкалык Камал Амир Бэй менен болгон беттеште 4:1 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны чейрек финалга чыкты.
77кг чейинки салмак даражадагы балбандардын беттеши бүгүн 6-августта өттү.
Бул салмак даражада жалпы 16 спортчу күч сынашууда.