Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова чейрек финалда япониялык балбан Нонока Одзаки менен күч сынашып жеңишке жетти.
Бул жеңиши менен ал жарым финалга жолдомо алды.
68 кг салмак ченинде күч сынашып жаткан Жуманазарова 1/8 финалда монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келип, атаандашын 8:3 эсебинде жеңип алган.
Жарым финалдык беттештер саат 01:00дө болот.
Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта өтөт.