Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында балбан Мээрим Жуманазарова жарым финалга жолдомо алды.
68 кг салмак ченинде күч сынашып жаткан кыргызстандык спортчу Вьетнамдын балбанын 11:0 эсебинде жеңди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.