• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Онлайн насыяга байланыштуу алдангандардын саны көбөйдү

9 Аяк оона 202417:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук банкка шылуундарга алданганы тууралуу жарандардан ай сайын 300дөн 500гө чейин арыз түшөт. Бул тууралуу аталган банктын жетекчисинин орун басары Мэлс Аттокуров Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Аттокуров соңку кезде онлайн насыя алуу маселесине байланыштуу кайрылгандар көбөйгөнүн белгиледи.

«Айына 300-500гө чейин арыз түшүп жатат. Акыркы үч айда миңдей кайрылуу болду. Мунун ичинде ар кандай маселелер менен арыздангандар бар. Ал онлайн насыя боюнча кечээ эле 2-3 арыз түштү, август айында ушундай арыздар көбөйдү. Улуттук банк тартип коргоо органдары менен тыгыз иштеп атабыз. Жумушчу топ менен атайын роликтерди иштеп чыгып, жарандарды этият болууга чакырып жатабыз», — деди Аттокуров.

Кыргызстанда соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар, киберкылмыштуулук көбөйгөнү айтылып жатат.

Количество просмотров: 115