• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Оозго алгыс сөздөрдү айткан Балыкчы шаарынын мэри 2000 сом айып төлөөдөн баш тартууда

6 Бештин айы 201720:38 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын азыркы мэри Алмазбек Мамбетов, мурдагы мэр Сатыбек Шамшудиновду телефондон уят сөздөр менен сөгүп, колу –бутун байлап, көлгө ыргытып жиберем дегени интернетке чыккан.

Балыкчы шаардык соту бүгүн шаар башчысын күнөөлүү деп таап, 2000 сом айыпка жыкты. Бирок Алмазбек Мамбетовдун жактоочусу соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко арыз менен кайрылаарын айтты.

Балыкчы шаарынын мэринен оозго алгыс создөрдү уккан Сатыбек Шамшудинов, шаардык милицияга, сотко, президентке, премьер министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылган. Алмазбек Мамбетов бул тууралуц кийин ооз ачкан эмес.

Количество просмотров: 23