• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ормонов: «Кемпир-Абад тууралуу жыйынга офицалдуу чакыруу болбогонунан барган эмесмин…»

5 Чын куран 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Өткөн жылдын 15-октябрында, Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн.

Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар, жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар катышкан.

Ал кезде, ошо округдан шайланган эл өкүлдөрү Элмурза Сатыбалдиев менен Улугбек Ормоновго жергиликтүү тургундар нараазы болушкан эле.

Бул тууралуу ушул жылдын март айындагы шайлоочулары менен жолугушуп келген депутат Улугбек Ормонов «Ал курултайга мен офицалдуу чакырылган жокмун. Ошон үчүн барган жокмун»,-дейт.

Количество просмотров: 348