• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орозонун мөөнөтү талкууланды

16 Чын куран 2020 15:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан республикаларынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн жана диний башкармалыктардын тийиштүү бөлүм башчыларынын катышуусунда онлайн жыйын өткөрүлдү.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Абибилла Кадырбердиев, фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Эратов, Казакстандан Уламалар кеңешинин мүчөсү Сансызбай Шоканов баштаган диний башкармалыктын бөлүм башчылары, Өзбекстандан диний башкармалыгынын төрагасынын (муфтийдин) орун басары Хомиджон Ишматбеков баштаган дин кызматкерлери катышты.

«Күн тартибинде орозонун башталуусу жана Орозо айттын болжолдуу датасы, зекет жана битир-садаганын өлчөмдөрү боюнча маселелер каралып, бирдиктүү болууга чечим кылышты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1424