Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук башталыштагы жардамчысы Айдар Халиковдун сөздөрүнө комментарий берип, соцтармактагы баракчасына билдирүү жазды.
«Айдар Халиков убагында “мекенчил” болуп, ошол кезде куугунтукта жүргөн Садыр Жапаровду колдоп жүргөнү чындык. 2020-жылдан кийин мурдагы колдоосун эске алып “сен элдин арасындагы чындыкты мага айтып тур”-деп коомдук жардамчы кылып алган. Айдар Халиков президенттен алган күбөлүктү ар кимге көрсөтүп, өзүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жүрө берет. Өзбекстандан контрабанда шифер ташып, айыл өкмөт башчыларына, алыскы райондун акимдерине кирип ар кимге ортомчу болуп, туура эмес иштер менен алектенген. Мындай жоругу президентке жетип, мунун гана эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчылардын барын статусунан ажыраткан», — дейт ал.
Эске салсак, 13-ноябрда Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темиров Айдар Халиков менен маегин жарыялаган. Анда ал Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз экенин, 2013-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген. Айдар Халиков президент Садыр Жапаров жана Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда бийликке каршы пикирин билдиргендерди жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялоого мажбурлаганын айтып, ага каршы болгонун кошумчалаган.
Бул маек боюнча президент Садыр Жапаров комментарий бере элек.