Орусия өкмөтү 1-марттан 31-августка чейин автобензинди экспорттоого тыюу салат. Бул боюнча токтомго кол коюлду. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтүнүн сайтында кабарланат.
Мунай продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн тарабынан түздөн-түз жеткирилген товарларга чектөө киргизилбейт.
Чечим күйүүчү майдын ички рыногунда туруктуу кырдаалды сактоо, мунайды кайра иштетүү экономикасын колдоо жана автобензиндин мыйзамсыз экспортуна каршы туруу максатында кабыл алынган.
Эске сала кетсек, Орусияда 2024-жылдын март айынан август айынын аягына чейин бензинди экспорттоого тыюу салынган. Май айында эмбарго убактылуу алынып салынды, бирок сентябрдан тарта чет өлкөгө жеткирүүгө тыюу салуу узартылган. Чектөөлөр өткөн жылдын декабрынын аягына чейин болушу керек болчу. Ноябрь айында өкмөт жылына 1 миллион тоннадан ашык бензин чыгарган компанияларга 2025-жылдын 31-январына чейин экспорттоого уруксат берген.