• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Орусияда бензиндин дүң баасы кескин төмөндөдү

24 Бугу 2022 22:59 Бишкек Govori.TV

Орусияда бензиндин баасы кескин төмөндөдү. Бул тууралуу «Прайм» агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, ага күйүүчү майдын дүң баасынын төмөндөшү себеп болууда. 

«Антироссиялык санкциялардан улам күйүүчү май менен мунайдын экспортуна чектөөлөр коюлгандыктан учурда анын баасынын кескин төмөндөшү байкалып, 2016-жылдан бери быйылкы сезондогу эң төмөнкү чегине түштү. 23-майда Санкт-Петербург эл аралык товардык («СПбМТСБ») биржасында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы  тоннасына 37,2 миң рубль болду», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 24-майга карата Москва шаарындагы май куючу жайда 1 литр күйүүчү майдын баасы 46 сом 85 тыйын болуп жатканын Govori. TVга Орусиядагы мекендештер кабарлады.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары башка маанилүү товарлардай эле күйүүчү май кескин кымбаттаган болчу.

Количество просмотров: 2329