• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Орусияда кыргызстандыктарга 121 млн рублден ашык айлык кайтарылды

13 Чын куран 202615:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жарандарга 121 миллион рублден ашык төлөнбөй калган айлык акыны кайтарып берүүгө жардам көрсөткөнүн ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн негизги милдети — Орусиядагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү.

2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин өкүлчүлүк 1 643 жаранга жалпы суммасы 121 млн 299 миң 200 рубль болгон айлык акыны өндүрүп берүүгө көмөктөшкөн. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна зыян келтирилген 27 жаранга 27 млн 772 миң рубль компенсация алууга жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле бул аралыкта өкүлчүлүк 3 711 жаран кайрылган маселелер боюнча Москва жана Москва облусундагы тиешелүү мамлекеттик органдарга 1 291 жолу кайрылуу жүргүзгөн.

Андан тышкары, 59 миң 292 жаранга миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча юридикалык кеңеш жана укуктук жардам берилген.

Количество просмотров: 83