• Жекшемби 10 Бештин айы 2023
  • Воскресенье 10 Декабрь 2023

Ош мэри Акжол Махмудовго 500 миң сом тапшырды 

13 октября 2023 в 10:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда Азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен.

Количество просмотров: 103