Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда рейд жүргүзгөн.
Таңкы рейдде жүргөн мэрден муниципалдык кызматтын кызматкери Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча пикирин сурап, тынчсызданып жатканын айткан.
Токторбаев алар нан тиштешкен достор экенин, баары жакшы болорун айтып, Жапаров менен Ташиев бири-бирин таштабай турганын белгилеген.