• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин колдоду

9 Теке 2018 17:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.07.2018.Govori.TV
Бүгүн, 9-июлда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясы чогулуп, Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. Жыйын жабык өтүп, ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов да катышканын шаардык кеңештен тастыкташты.
Белгилей кетсек, көпчүлүк коалицияны КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт.
Буга чейин Ош шаарын Сарыбашев Таалайбек Насирбекович мэр болуп келиши күтүлүп жатканын Govori.TV сайтына өздүк булактар билдирген.
Ал эми  Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганы 3-июлда беогилүү болгон.

 

Количество просмотров: 29