• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ош шаардык кеңешине Болот Баетов төрага болду

27 Жетинин айы 202413:05 Бишкек Govori.TV

27-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешине шайланып келген депутаттарга мандат тапшырылды. Бүгүнкү биринчи отурумунда жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү шаардык кеңештин курамын бекитип, төрагалыка “Жаңы Кыргызстандан” шайланып келген Болот Баетовду шайлашты.

Болот Баетов 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «Жаңы Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизме башында турган.

Белгилей кетсек, 6-чакырылышка жалпы беш партия босого пайыздан өтүп келген.

Шаардык кеңештеги эң көп депутаттык орунду “Жаңы-Кыргызстан” партиясы ээлеп, 22 мандат, “Ынтымак” партиясы 10, “Мурас” партиясы 8, “Бир Бол” партиясы 5, “Милдет” партиясы 6 мандат алды.

Количество просмотров: 148