• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылды

17 Жетинин айы 202423:06 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык кеңешине алдын ала жыйынтыктар боюнча 5 пайыздык шайлоо босогосунан 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, алдын ала жыйынтыктар боюнча, 5% шайлоо босогосунан төмөнкү партиялар ашкан:

  • “Жаңы Кыргызстан” – 43,36 %;
  • “Ынтымак” – 20,02%;
  • «Мурас» – 15,15%;
  • «БИР БОЛ» – 9,75 %
  • «Милдет» – 10,43 % добушка ээ болушту.

Ал эми Ош шаарында шайлоочулардын 1,33%ы “баарына каршы” деп добуш берген.

Количество просмотров: 173