• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Ошко Борбор Азия өлкөлөрүнүн футболчулары келди

4 Теке 2024 14:32 Бишкек Govori.TV

CAFA U-20 Championship 2024 турнирине катышуу үчүн Өзбекстан, Түркмөнстан, Афганистан, Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командалары «Ош» эл аралык аэропортуна келип конушту. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Аэропорттон жаш футболчуларды салтанаттуу тосуп алышты.

Эске салсак, 5-июлдан 12-июлга чейин Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда CAFA U-20 Championship 2024 турнири өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Иран жана Түркмөнстан командалары катышат.

Количество просмотров: 137