• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошко Өзбекстандан 35 автобус келди

25 Аяк оона 202210:04 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарга Өзбекстандын “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и келди. Калганы 26-сентябрда келет.

“Учурда Самарканд автомобиль заводунун адистери айдоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүүдө. 70 айдоочу окуудан өтүүдө. Жакынкы арада автобустарды линияга чыгаруу пландалууда”, — деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жана «SamAuto» Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча келишимге кол койгон.

Количество просмотров: 716