Ошто кафеден чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
26-июнда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафесинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылган.
Тилсиз жоо 19:04дө чектөөгө алынган. Кошумча маалымат берилет.