• Шейшемби 16 Кулжа 2026
  • Вторник 16 Июнь 2026

Ошто Төрөбек Абакир уулу көчөсү пайдаланууга берилди

16 Кулжа 202610:14 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында Төрөбек Абакир уулу көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жанарбек Акаев катышып, ал аталган көчөдө жайгашкан №33, №35 жана №37 көп кабаттуу турак үйлөрдө жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгы менен жеринде таанышты.

Аталган үйлөрдүн сырткы фасаддары Ош шаарынын мэриясынын кош каржылоо долбоорунун алкагында жаңыланып, акталып-сырдалып, жашоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Мындан тышкары, көчө аркылуу агып өткөн Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынды. Азыр каналдын жээги тосулуп, тротуар төшөлүүдө. Келечекте бул жер жашыл зонага айланат.

Количество просмотров: 44